Профессор Токтосопиев Алымбай Молдокматович дүйнөдөн кайтты
2025-жылдын 7-июлунда 72 жаш курагында физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Бишкек тоо-кен жана техникалык колледжинин окутуучусу, директордун кеңешчиси, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мурдагы ректору — Алымбай Молдокматович Токтосопиев дүйнөдөн кайтты.
Алымбай Токтосопиев 1953-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Орукту айылында жарык дүйнөгө келген. 1975-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун (ПГПИ), 1984-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун аспирантурасын ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолун Пржевальск педагогикалык институтунда жана Томск политехникалык институтунда улук лаборант, инженер, улук инженер кызматтарынан баштаган. Андан соң Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунда кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, участок башчысы, лаборатория башчысы болуп иштеген.
Андан ары Кыргыз улуттук университетинде кафедра башчысы, декан кызматтарын аркалаган. 2001-жылдан тартып Регионалдык окуу-физика институтунун (РУФИ) директору болуп эмгектенген.
⸻
Профессор Токтосопиевдин эмгеги, илим-билимге кошкон салымы ар дайым эскерилет. Анын ысымы шакирттеринин, кесиптештеринин жана замандаштарынын жүрөгүндө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.